Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Токойлордо өрт коркунучу сакталууда


Кыргыз гидромет борбору Кыргызстандын токойлуу аймактарында өрт коркунучу сакталып турганын билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Талас, Токтогул, Жети-Өгүз райондорунун токойлорунда да өрт болушу ыктымал экени божомолдонууда.

Өрт күндүн ысыгынан жана куураган чөптөргө түшкөн чылым же ширеңке учкундарынан чыгышы мүмкүн. Мекеменин адистери жарандарды этият болууга чакырат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG