Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Чек ара кызматы: кармалгандардын куралдары снайпер мылтыгы эмес


Баткенде кармалган тажик жарандарынан алынган куралдардын арасында снайпердик мылтыктар жок. Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, куралдар алыска атуучу сайлуу мылтык экенин аныкталды. Буга чейин аталган кызматтан Кыргызстандын аймагында колго түшкөн тажик жарандарынан 2 снайпердик мылтык жана 3 беш атар табылганы кабарланган болчу.

Баткен облусунун Ак-Чечек айылынын аймагында ок атуучу куралдар менен Тажикстандын төрт жараны 1-сентябрь күнү кармалган. Алар Кыргызстанга аңчылык кылуу максатында өткөнүн айткан.

Колго түшкөндөргө чек араны уруксатсыз кесип өтүп, жашыруун аңчылык кылып жатат деген айып тагылууда. Учурда алардын иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде каралып жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG