Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Түркияда 1997-жылдагы кутум аракети боюнча сот иши башталды


Анкарада мындан 16 жыл мурда исламчыл өкмөттү кулатуу аракети үчүн айыпталган 300гө чукул кишинин үстүнөн сот иши башталды. 275 айыпталуучунун арасында түрк армиясынын мурдагы кол башчысы, 81 жаштагы генерал Исмаил Хакки Карадаи да бар.

Сот жараяны бир нече айга созулат деп күтүлүүдө. Шектүү кутумчуларга 1997-жылдын февралында ал кезде өкмөт башында турган исламчыл "Жыргалчылык" партиясынын башчысы Нежмедин Эрбаканды кулатуу аракетине аралашкан деген айып коюлган.

Эрбакандын өкмөтү Улуттук Коопсуздук Кеңешиндеги жолугушуудан кийин таркап кетүүгө мажбур болгон. Кийин анын партиясына тыюу салынган. Карадаи жана аны менен кошо соттолуп жаткандар мындай кинени четке кагып, азыркы өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл өкмөтүн секулярчы оппоненттерин куугунтукка алып жатат деп күнөөлөшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG