Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Расмуссен: Сириядагы химиялык чабуулга «чечкиндүү» жооп керек


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна Сириянын бийлиги жоопкер деген ишенимин билдирип, буга «чечкиндүү» жооп кайтарууга чакырды. Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын президенти Башар ал-Ассад химиялык курал колдонгон деген АКШнын ырастоосуна орус бийликтери ишене албай жататкандыгын маалымдаган.

БУУнун инспекторлору учурда химиялык чабуул болду деген аймактан алынган заттарды анализдеп жатышат. АКШнын президенти Барак Обама Сириянын баш калаасы Дамаскта 21-август күнү 1400дөн ашык кишинин өлүмүнө алып келген чабуулда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгон деген ишенимин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG