Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

БУУнун өкүлдөрү Иракта кагылыш болгон лагерге барды


Бириккен улуттар уюмунун делегациясы Ирактын түндүгүндөгү сүргүндөгү ирактык топтун турагында болду. Можахедин-е-Халк тобунун Ашраф турагында кечээ жекшембиде 50дөн ашык киши өлтүрүлгөнү кабарланган. Ашрафта аталган топтун 100 чакты мүчөсү баш калканч тапкан. Багдад бийликтери алар өлкөдө мыйзамсыз турушаарын айтууда.

Топтун маалымат катчысы Шанин Гобади Парижден "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Азырынча эч нерсе өзгөргөн жок. Тынчтыктын келечеги бүдөмүк. Бир гана БУУнун күчтөрү менен катар сөзсүз АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү кыргын болгон жерге барып, адамзатына каршы бул кылмыш тууралуу маалымат алыштары зарыл.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен катар АКШнын Мамлекеттик департаменти кол салууну айыптап, Ирак бийликтерин бул кыргынды териштирүүгө чакырышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG