Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Жаңы окуу жылы башталды


Бүгүн жалпы өлкө боюнча 2204 жалпы билим берүүчү жана 60 жеке менчик мектеп жаш жеткинчектерге каалгасын ачты. Бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылууда. Адатта 1-сентябрда белгиленчү Билим күнү быйыл жекшембиге туш келгени үчүн бүгүнкүгө жылдырылган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 2012-2013-жаңы окуу жылында Кыргызстанда жүз эки миңге жакын бөбөк алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт. Министрлик быйылкы жылы мектепке кирген жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн билдирүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG