Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

ИИМ академиясынын башчысы дайындалды


Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, аталган окуу жайдын башчылыгына Жеңиш Жакыпов дайындалды. Жакыпов буга чейин өкмөттүн коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенчү.

ИИМ академиясы - өлкөдө милиция кызматкерлерин даярдаган жападан жалгыз окуу жай. Бул окуу жай акыркы жылдары чырга малынып келет. Бир нече жолу курсанттардын бейбаштыгы катталса, быйыл март айында окуу жайдын жетекчиси Алмаз Базарбаев менен жетекчинин орун басары Рахматилло Амираев "пара алды" деген шек менен кармалган. Мындан улам өкмөт жакында ИИМ Академиясын укук коргоо кызматкерлеринин академиясы кылып кайра түзүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, бул окуу жайда милиция кызматкерлери гана эмес, Жаза аткаруу тутумунун, Маңзатка каршы күрөшүү жана Бажы кызматтарынын кызматкерлерин даярдоо пландалып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG