Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Ошто террорчу делген төрт адам кармалганы айтылууда


Ишенимдүү булактардан бүгүн "Азаттыкка" тастыкташканга караганда, бир нече күн мурда Ошто тыюу салынган экстремисттик уюмдардын мүчөсү деп шектелген төрт адам кармалды. Алар Ошто теракт уюштурушу мүмкүн деп айыпталууда. Кармалгандардын бири чет өлкөлүк жаран, бирок кайсыл мамлекеттин атуулу экени так эмес.

Мамлекеттик тартип коргоо органдары азырынча бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 12. Алар: «Хизб-ут Тахрир» уюму, «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида» уюму, «Талибан кыймылы», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору». Андан сырткары, Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG