Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Хакасиядагы кыргыз мигранттарынын абалы талкууланды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Хакасиядагы кыргыз мигранттарынын абалы менен таанышты. Анда Хакасия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын багыттары талкууланды. Анда белгилүү болгондой, учурда Хакасияда 4500дөн ашык кыргызстандык жашап жүрөт. Алардын көпчүлүгү Орусия жарандыгын алышкан. Айрыкча, соңку эки жылда жарандык алгандардын саны көбөйдү. Хакасия бийликтери дарыгер, мугалим адистигиндеги кыргызстандыктарга иш таап берүүгө даярдыгын билдиришти.(BuS)

XS
SM
MD
LG