Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

УКМК тараткан тасмада аты аталгандар суракка чакырылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планын ачыктаган видеодо аты аталгандар суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, атайын кызмат аларды бүгүн түштөн кийин суракка чакырган.
Тасмада Эрланбек Өмүралиев деген адам оппозициянын мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясына химиялык күкүм кошуп жиберүүнү, ошондой эле Бишкек-Нарын жолун тосууну пландаганын айтып берген.

Коопсуздук комитети өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо жана коопсуздук чараларын көрүү жаатында бардык аракеттер көрүлөөрүн билдирүүдө.

Оппозиция өкүлдөрү 2-сентбярь күнү Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлгөн тасманы чагым катары белгилеп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG