Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

УКМК Өмүралиевдин арызын коомчулукка таратты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын пландарын ашкере кылган Эрланбек Өмүралиевдин арызынын кол жазма нускасын коомчулукка таратты. Анда Өмүралиев видеодо айткан билдирүүлөрүн тастыктаары жана пикирин өзгөртпөстүгү жазылган.

Кечээ Коомдук телеканалдан көрсөтүлгөн тасмада Эрланбек Өмүралиев оппозициянын мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясына химиялык күкүм кошуп жиберүүнү, ошондой эле Бишкек-Нарын жолун тосууну пландаганын айтып берген.

Өмүралиев өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактоо максатында ал пландарды ашкерелеп жатканын айткан болчу.

Тасма атайын кызмат тарабынан жашыруун тартылганы кабарланган. Оппозиция өкүлдөрү муну чагым катары белгилеп жатышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG