Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Украина: репрессияда курман болгон кыргыздарга эстелик ачылат


Украинанын Чаплинка жана Виноградово айылдарына 1930-жылдардагы репрессияда курман болгон кыргызстандыктарга арналган эстелик ачылат. Учурда акыркы жумуштар жасалып жатат.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, аны Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Чаплинск жана Цюрупинск райондорунун администрациялары менен биргеликте жасоодо.

Граниттен жасалган эстеликтин ачылышы 27-28-сентябрь күндөрү болот. Ага кыргыз жана украин тилдеринде “Бул жерде ХХ кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык режимдин күнөөсүз курмандыктары жатат”,- деген жазуу чегилет.

Министрликтин маалыматында, элчилик тарабынан быйыл май айында Херсон облусунда репрессияланган кыргызстандыктар көмүлгөн аймактарды аныктоо иштери жүргүзүлгөнү да айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG