Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Нарында оппозицияга каршы митинг болууда


Ушул тапта Нарын шаарындагы Теңир-Тоо аянтында оппозиция өкүлдөрүнө каршы митинг болуп жатат.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын пландарын ашкере кылган тасмада айтылган пландарга тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Окуяга көз салып турган кабарчыбыздын айтымында, аянтка 50дөй киши топтолгон. Арасында Нарын шаардык кеңешинин төрагасы да жүргөнү кабарланууда. Топтолгондор оппозициянын пландарынын аткарылышына жол берилбестигин айтып жатышат.

2-сентябрда Коомдук телеканалдан оппозиция 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштуруп, Нарын дарыясына химиялык күкүм кошуп жиберүүнү жана Бишкек-Нарын жолун тосууну пландап жатканы тууралуу тасма көрсөтүлгөн. Видео Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан сунушталган.

Оппозиция өкүлдөрү анын жалган маалымат экенин айтып, чагым катары белгилеп жатышат. (TSh\SE)

XS
SM
MD
LG