Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Бишкек–Исфана–Бишкек каттамы бир жумага токтотулат


3-сентябрдан тарта Бишкек–Исфана–Бишкек каттамы үчүн колдонулчу СААБ–340А учагын оңдоо иштерине байланыштуу аба каттам 10-сентябрга чейин токтотула турганын “Эйр Бишкек” авиакомпаниясы кабарлады.

Азыр “Скай Бишкек” ишканасына таандык учак 1989-жылы чыгарылган, былтыр 1-декабрдан тарта Кыргызстандын аймагында уча баштаган.

Борбор калаадан Лейлекке жумасына төрт ирет учак каттайт. Учурда Бишкек–Исфана каттамында жол киренин баасы 3847 сомду түзөт.

Бишкек–Баткен жана Бишкек–Исфана каттамдары өлкөдө өзүн актаган ички каттамдар болуп эсептелет. (BAz)

XS
SM
MD
LG