Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Франция Сирияга каршы коалицияга кошулат


Билдирүүнү премьер-министр Аро парламент мүчөлөрү менен жолугушууда жасады, 2-сентябрь, 2013
Билдирүүнү премьер-министр Аро парламент мүчөлөрү менен жолугушууда жасады, 2-сентябрь, 2013
Франция премьери Жан-Марк Эро Сирияда 21-августта Дамаскинин четинде “химиялык куралды” президент Башар ал-Асаддын өкмөтү гана колдоно алмак деп билдирди. Премьердин айтымында, француз чалгын кызматы кеминде 281 адам дал ошол газ чабуулунан өлгөнүн аныктай алган. Парламентте чалгын кызматынын баяндамасы менен тааныштырып жатып, премьер Сирияга каршы аскерий чара көрүү чечими кабыл алынса, Франция ага “эл аралык коалициянын мүчөсү катары гана катыша алаарын” белгиледи.

"Албетте Франция жалгыз аракет көрбөйт, - деди премьер-министр. - Республиканын президенти коалицияны мүмкүн болушунча тезирээк кураш үчүн иштеп жатат. Франция буга камынышы керек, анткени биз эл аралык мыйзамдарды коргогон принципти жактайбыз".

Вашингтондо сенатор Жон МакКейн журналисттерге сүйлөп, президент Обама Сирияга каршы чечкиндүү аскерий чабуул жасаганга бекем турганда гана Конгресстин колдоосуна ээ болоорун айтты. МакКейн непада Конгресс Обаманын чечимин колдобой койсо, анын арты оор кесепеттерге алып келээрин эскертти. Сириянын президенти Башар Асад химиялык курал чабуулуна эч кандай тийиштиги жоктугун айтып келатат.

XS
SM
MD
LG