Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

НАТО: Ооганстанда жергиликтүү аскерлердин жоготуулары көп


Генерал Жозеф Данфорд, Кабул, 13-август, 2013
Генерал Жозеф Данфорд, Кабул, 13-август, 2013
Түндүк атлантикалык альянсы Ооганстандагы атышууларда өлкөнүн полициясы менен армиясы өтө эле көп аскеринен айрылып жатканын билдирди. Ооган жериндеги эл аралык аскерлердин командачысы, америкалык генерал Жозеф Данфорд ооган армиясы дагы беш жылдай Батыштын машыктыруучуларына жана колдоосуна муктаж экенин, ошондон кийин гана алар өлкөдөгү коопсуздук үчүн толук жоопкерчиликти алышса болорун билдирди.

Бүгүн генералдын кеңири интервьюсун Британиядагы The Guardian гезити басты. АКШнын президенти Барак Обама келерки жылдын этегинен тарта ооган армиясы өз өлкөсүн өзү коргой баштайт деп убада берген. Бирок аларды машыктыруучу айрым чет өлкөлүк аскер бөлүктөрү өлкөдө кала беришет.

Генерал Данфорд болсо чет өлкөлүк аскерлердин айрым бөлүктөрү 2018-жылга чейин өлкөдө калышы керек деди. Мындан сырткары, ал НАТОнун аскерлери тренингдерди өткөрүү менен эле чектелбей, атышууларда да “жардам” бериши зарыл болуп калышы мүмкүндүгүн кыйытты.

XS
SM
MD
LG