Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13
Кытай элдик республикасынын төрагасы Цзиньпин 10 күн ичинде региондогу беш өлкөдө жана Орусияда болот, эки ири саммитке катышат. 5-6-сентябрь күндөрү ал “Чоң жыйырманын” жыйынына, Санкт-Петербургга барат. Ал эми 13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышмакчы.

China Daily басылмасынын жазышынча, Кытай лидери региондогу өлкөлөргө сапары учурунда газ, мунай, транспорт жана инвестицияга байланышкан бир топ келишимдерге кол коймокчу. Келерки жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлердин чыгарылышы регионго кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн да талкуулашы күтүлүүдө.

Бүгүн ал сапарын Түркмөнстандан баштап, түркмөн жаратылыш газын Кытайга жеткирүү боюнча сүйлөшөт деп айтылган. Кытай 2010-жылдан бери Борбор Азиянын эң чоң соода өнөктөшүнө айланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG