Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү кечээ Коомдук биринчи каналдан оппозицияга байланыштуу көрсөтүлгөн тасмага боюнча жыйын өткөрдү. Анда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Эмил Алымкулов тасмада айтылгандардын чын-төгүнү аныктала элек болсо да, элди сак болууга чакырды. Ошондой эле айыл өкмөттөрүнө тапшырма берилип, жер-жерлерде бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.
Кечээ Коомдук телеканалдан көрсөтүлгөн тасмада Эрланбек Өмүралиев деген адам оппозициянын мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясына химиялык күкүм кошуп жиберүүнү, ошондой эле Бишкек-Нарын жолун тосууну пландаганын айтып берген.
Оппозиция өкүлдөрү бул тасманы чагым катары белгилеп жатышат. (TSh)