Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Чуулуу тасма: оппозицияга таамай соккубу?


Оппозициянын планын шардана кылды делген Эрлан Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйын учурунда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. 24-август, 2013.
Оппозициянын планын шардана кылды делген Эрлан Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйын учурунда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. 24-август, 2013.

Кыргызстанда оппозициянын бийликти кулатуу боюнча планы делген тасма журтчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул факт боюнча тасмада аты аталган ишмерлерди суракка чакырды. Оппозициялык күчтөр муну атайын каралоо чарасы деп баалап жатышат.

УКМК оппозициянын жүзүн ачтыбы?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымдашынча, оппозициялык күчтөрдүн өлкөдө тополоң чыгаруу планы тууралуу Эрлан Өмүралиев аттуу нарындык жаран өзү арыз менен кайрылган.

Тымызын тартылган тасмада Өмүралиев Соң-Көлдө 24-августта курултайга катышкандар 8-10-сентябрь күндөрү Бишкек-Нарын жолундагы Куубакы ашуусунун белин бууп, андан кийин Нарын дарыясына уу зат төгүп, аны Кумтөрдө кен казып жаткан компанияга оодарып, элди көтөрүү ниети болгонун төкпөй-чачпай айтып берет.

УКМКнын КТРК аркылуу көрсөткөн тасмасы




Видеотасмада оппозициялык саясатчылар Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов тууралуу сөз жүрөт.

Оппозиция катарында аталган Чыңгыз Капаров Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун коомдук жардамчысы экен. Буга байланыштуу депутат Осмонов мындай деди:

- Осмоновдун коомдук жардамчысы катышкандан кийин Осмонов да тиешеси бар деп ошол аркылуу байланыштырышы мүмкүн. Ошол факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп, тергөөнүн алкагында ар бир сөзүн дыкат текшериш керек. Депутаттык комиссия түзүп да текшерсе болот.

Депутат Осмоновдун комментарийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00


Мурдагы депутат Садыр Жапаров муну оппозициялык күчтөргө карата чагым деп атады:

- Эрлан Өмүралиев өзү бул жерде мындай суу бар, тигиндей бар деп баарын кеңири айтып жатат. Ал жерге мен эзели басып барган эмесмин. Эгер ошондой план болсо, атайын кызмат бизди ошол жерде мүшөктөп порошок көтөрүп төгүп жүргөндө кармабайбы? Аларга эмне тоскоол болду, жоо кубалап келатабы, тезинен бул тасманы чыгара койгула деп? Мына 5 эле күн калыптыр. Бул же ошол баланын, же УКМКнын ойдон чыгарылган “жомогу”.

Өткөн айдын этегинде “Азаттыкка” маегинде президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө тополоң салуу боюнча маалыматы бар экенин белгилеген эле.


“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев оппозициялык күчтөрдү ар кандай толкундоолорду уюштуруу жолу менен эмес, шайлоо жолу менен келүүгө чакырды:

- Азыр оппозициялык кыймылдар биригип жаткан убагы. Эмне максат менен биригип жатканын айта албайм. Кандай максатты көздөп жатканын айтыш да кыйын. Бирок бир максаты - бийликке келиш экенин билем. Бийликке келиш үчүн ар кандай амалдарды ойлонбостон шайлоого катышып, ошол аркылуу келсе жакшы болоор эле. Азыр эми кырдаалды курчуткандан биз да, өкмөт да, оппозиция да, эл да утулат. Ошондуктан кээ бир прогрессивдүү оппозициялык күчтөр сунуштагандай, күчтү эмки шайлоолордо сынашалы.

Талдоочу Токтогул Какчакеев болсо элди козутуу менен бийликти кыстоо, коркутуу Кыргызстанда соңку жылдары саясий ыкмага айланды деп эсептейт:

- Азыркы болуп аткан окуя катардагы окуя. Бизде мурунку министрлер, губернаторлор, полковниктер ишсиз жүргөндө кызматка келүүнүн бир ыкмасы болуп калган. Акаевден бери эле ушул жол менен келатпайбы. Нарын суусуна зыян келтирип, балыктарды уулап эл кырылат деген сезимди элдин акылына орнотуп, анан бийликти көңтөргөнгө жол ачылып аткандыгы бул стратегиялык диверсия. Белгилүү адамдар ошого барганы жаткандан кийин ыйык сезим, жоопкерчилик, мекенчилдик сезимдин жок калганын байкап жатабыз.

Эрлан Өмүралиев деген ким?

Бул арада коомчулукта оппозициянын планын шардана кылды деген Эрлан Өмүралиев ким экенине, кайдан чыга калганына кызыгуу күч. Айрым маалымат каражаттары Өмүралиев кесиби боюнча юрист экенин, азыр көз карандысыз адвокат болуп иштей турганын, 2008-2009-жылдары Нарын облустук акимчиликтин юридикалык бөлүмүндө иштегенин, ал эми коомдук иштерге 2012-жылдан тарта аралаша баштаганын жазып чыкты.

Айтмакчы, Өмүралиев тууралуу Нарында пикир бир кылка эмес. Нарындык укук коргоочу Эркин Асаналиев жазында Кумтөргө байланыштуу нааразылык акцияларда дарыяга уу төгүп, чуу чыгаруу планы мурда эле болгонун кеп салып берди:

- Сөздөрүнө аябай таң калып жатам. Жанагы “юпи” жана башка деп айтып жатпайбы. Ошол сөздөрүн биринчи жолу мага айтып берген. Ошондой кылбайбы дегенде, мен аябай чоочуп, мээси ордундабы деп таң калгам. Жети-Өгүздө Кумтөр боюнча нааразылык акцияда трансформаторду өчүрүп, ызы-чуу болгондо калпак кийип эл алдында жүрбөдү беле. Соң-Көлдө жаштар курултайынын уюштуруучусу менмин дегенде баруудан баш тарткам. Бул эртең Кумтөр тууралуу ооз ача турган адамдардын кадыр-баркын кетирүү боюнча сценарий.

Ал арада Нарында оппозициялык күчтөрдүн чагымына алдырбоого чакырган 50 чакты адам катышкан митинг өттү. Аны облустун мурдагы губернатору Адыл Эсенбеков уюштурганы маалым болду.


Тасмада: Соң-Көлдөгү жыйын, 24-август, 2013
Жаштардын Соң-Көлдөгү курултайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

XS
SM
MD
LG