Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Тажикстанда көмүр кенинин директорун атып кетишти


Өлкөнүн чыгышындагы Рашт районунда көмүр казган ишкананын жетекчиси, 55 жаштагы Нуридин Темировду өткөн түнү өзүнүн ишканасында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Жалпысынан жети жолу, анын ичинде үч ок башына атылганын “Азаттыктын” тажик редакциясына өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү кабарлады. Темиров кийинчерээк ооруканада каза тапты. Азыр кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG