Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Бозгундагы казак олигархынын юристи Орусияда камалды


Елена Тищенко Тверь райондук сотунда, 3-сентябрь, 2013
Елена Тищенко Тверь райондук сотунда, 3-сентябрь, 2013
Москвада Тверь райондук соту бүгүн казакстандык ишкер Мухтар Аблязовдун юристи Елена Тищенкону эки айга камоо чечимин чыгарды. Аны бийликтер 3.3 млрд. долларды көз боёмочулук менен уурдаган деп айыптап жатышат.

Украинанын жараны Тищенко Францияда туруктуу жашоого укук алган. Ал ишембиде Москвага келген болчу. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин негизги сынчыларынын бири катары таанылган Аблязов болсо 31-июлда Франциянын түштүгүндө Украинанын өтүнүчү боюнча кармалган.

Аны мурда өзү жетектеген БТА банктан ири өлчөмдө акча уурдаган деп, Казакстан менен Орусияда да бийликтер ага издөө жарыялашкан. Аблязовдун банкы 2009-жылы мамлекеттин карамагына алынгандан кийин ал өзү өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG