Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Кумтөрдөн “акча талап кылды” деп шектелгендер эки айга камалды


“Кумтөр оперейтинг” компаниясынан опузалап акча талап кылды деп шектелген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов 29-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган сот 31-августта Курманов менен Жунушбаевдин баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Май айындагы Кумтөр кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясынын уюштуруучулары делген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановго “Кумтөрдүн” жетекчилигинен опузалап акча талап кылган деген айып менен кылмыш ишти УКМК козгогон.

Ага чейин маалымат каражаттарында Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тууралуу тасма көрсөтүлгөн. Алар бул акча берилсе, нааразылык акциялары токтотуларын убада кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG