Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Жалал-Абад: акимиятты ээлеп алуу боюнча сот уланат


Бүгүн сотто май айындагы нааразылык акциясынын уюштуруучулары: Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңишбек Токторбаев жана Абсатар Сыргабаевдин иши каралмакчы. Алар бийликти күч менен басып алган, күч менен басып алууга чакырган жана массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Буга чейинки жараяндарда кылмышка шектелгендер өздөрүнө тагылган айыпты четке каккан.

Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликке кирип кетишкен. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алганда, митингчилер Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган. (YA\BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG