Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Бачабаздарды мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынышы мүмкүн


Жогорку Кеңеш бүгүн мурда соттолгон адамдардын иштешине тыюу салган жана бачабаздардын жаза өтөө мөөнөтүнө байланыштуу мыйзам долбоорун карады. Эгер ал кабыл алынса, соттолуп чыккан жарандар билим берүү тармактарына жумушка кире албайт.

Ошондой эле эрезеге жетелек балдарды зордуктоо менен соттолгон адамдардын жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулуусуна да тыюу салынмакчы.

Бул жаатта Эмгек кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине да түзөтүүлөр киргизилет. Долбоордун демилгечиси Турсунбай Бакир уулу. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.(SE)

XS
SM
MD
LG