Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Аба ырайы: тоодо кар жаайт


5-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33, Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31 градус жылуу болот. Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33, Ош жана Жалал-Абад облустарында 14...19, күндүз 30...35 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26, Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27 градус жылуу болот.

Тоолордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28...30 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG