Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Кара-Көл: дарыяга аккандарды издөө кайра жанданды


21-августта Бишкек-Ош жолунун боюндагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен эки баланы издөө иштери кайра улантыла баштады. Он күндүк издөөдөн майнап чыкпай, куткаруучулар 31-августта издөө иштерин убактылуу токтоткон болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы издөө бүгүн улантылып жатканын билдирди.

21-августта Бишкек-Ош жолунун 373-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын аймакта “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү машине жол боюндагы дарыяга түшүп кеткен. Ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгону айтылган. Кырсыктан бир адам жабыркап, жети киши каза болгон.

Дарыядан крандын жардамы менен машинени чыгаруу маалында анын ичинде калган төрт адамдын сөөгү сууга агып кеткен. Алардын экөө ошол эле күнү табылган. 3 жаштагы М.Миталипова менен 12 жаштагы Ж.Юсупжанованын сөөктөрү изделип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG