Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Шахмат чемпионатында кыргызстандык катышуучу алдыда


Шри-Ланканын Хиккадуве шаарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Артур Жакыпов чемпион болду.

15 жаштагы Жакыпов төрт атаандашын жеңип, биринчи орунду ээлегенин Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов “Азаттыкка” маалымдады.
Чемпионатка катышып жаткан 7 жаштагы Элдияр Орозбаев менен тогуз жаштагы Азалия Мирлан кызы төртүнчү орун менен чектелишти.

Классикалык шахмат таймаштарында өлкө намысын 12 мектеп окуучусу коргоп жатат.

Чемпионат 8-сентябрда жыйынтыкталат. (КМa\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG