Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Кумтөр сүйлөшүүсү аяктоодо


Кыргызстан менен "Центерра голд инк" Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн акыркы бөлүгүн өткөрүп жатат. Келерки аптага өкмөт сүйлөшүүнүн жыйынтыгын Жогорку Кеңештин кароосуна коюш керек. Азыркы мезгилге карай эки тарап Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашканы маалым болууда.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, ушул жуманын башынан бери Кыргызстан менен “Центерра голд инктин” өкүлдөрү сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгүн жүргүзүп жатышат.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров сүйлөшүүлөр тууралуу буларды маалымдады:

- Эки жак бири-бирин түшүнүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. DLA Piper UK, Pricewaterhouse Coopers , “Центерра голд инк” толугу менен келип, кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Шакиров келишимге кол коюлганга чейин кошумча маалымат бере албасын белгиледи. Бирок өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин август айынын соңунда, Нарын облусуна жасаган сапары учурундагы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен “Центерра голд инк” Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашууда. Биргелешкен ишканада Директорлор кеңешинде Кыргызстан жетекчилик кылса, оператордук ишти “Центерра” жүргүзөт.

Премьер-министрдин бул сөзү тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов буларды айтты:

- Ошол Директорлор кеңешинде да 50% кыргызстандыктар, 50% канадалыктар болот. Операторлор болсо “Центерра” тарапта болот. Анан Кыргызстан тараптын чоң жетишкендиги “Центерра” канча мөөнөткө оператор болсо, ошончо мөөнөткө Директорлор кеңеши Кыргызстан көзөмөлүндө болот.

Мелис Эржигитовдун маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү канадалыктар менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке келет. Парламент ал макулдашууну жактырса, мына ошондон кийин “Центерра” менен келишимге кол коюлат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Кумтөр боюнча түзүлө турган биргелешкен ишканада 50% үлүшкө ээ болсо, тарыхый адилеттүүлүк калыбына келерин билдирген эле. Ал эми оппозициянын айрым лидерлери Кыргызстан Кумтөрдү толугу менен колуна алыш керек деген пикирде кала берүүдө.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов канадалыктар менен сүйлөшүүдө өкмөт өзү түзгөн комиссиянын материалдарын пайдаланбады деп сынга алды. Ал эми оператордук ишти канадалыктарга берүү эски катачылыктардын кайталанышына алып келет дейт:

- Биргелешкен ишкана дегени эми... Башынан эле биргелешкен ишкана болуп келатпайбы. Алар оператордукту колуна алгандан кийин кенди иштетүү ошолордун колунда калып жатпайбы. Биздикилер оператор дегенди түшүнбөйт. Бул иштетүү, тейлөө деген сөз. Иштетүү алардын колунда болсо, анда дагы эле илгеркидей болот да.

Кыргызстан менен канадалыктар 1993-жылы Кумтөр боюнча биринчи келишимге жетишкенде Директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрү төрагалык кылып, "Кумтөр оперейтинг компани" канадалыктардын колунда калган. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, анын биринчи натыйжасы алтын казыла баштаганга чейин эле айкын болгон. Тактап айтканда, операторлор Кумтөрдө комбинатты куруу үчүн долбоордо 276 млн. доллар карап, бирок иш жүзүндө 450 млн. доллар сарптаган. Директорлор кеңешинде төрагалык кылган кыргызстандыктар ага эч кандай таасир эте албай калган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG