Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Францияда парламент Сирияга мүмкүн болуучу чабуулду талкуулайт


Президент Франсуа Оланд Сирияга сырттан аскерий аракет көрүүгө Франция да кошулуш керек деп эсептейт
Президент Франсуа Оланд Сирияга сырттан аскерий аракет көрүүгө Франция да кошулуш керек деп эсептейт
Бүгүн Францияда парламент Сирияда химиялык куралдын колдонулушун талкуулаш үчүн чукул жыйынга чогулат. Өлкө президенти Франсуа Оланд Сирияда өкмөт элге каршы газ колдонгон деп, эми ага каршы АКШ демилге көтөргөн аскерий чарага кошулууну сунуш кылган.

2-сентябрда Оланддын өкмөтү Дамаскинин четинде президент Башар ал-Асаддын режими химиялык курал колдонгонуна далилдерди парламентке көрсөттү. Француз президенти Асаддын режимине каршы чабуулга жалпы эл аралык коалициянын бир мүчөсү катары катышаарын, эгер Америкада Конгресс ага каршы болсо, Франция да аскерий кийлигишүүгө катышпай турганын белгилеген.

Британияда болсо парламент Сирияга аскерий чара көрүүнү өткөн аптада колдобой койгон.

XS
SM
MD
LG