Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кырсыкты алдын алууга арналган эл аралык конференция башталды


Бүгүн Ысык-Көлдө табигий кырсыктарды алдын алууга жана апаат учурунда чара көрүүгө багытталган эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана куткаруу кызматтарында иштегендер катышууда.

Бостери айылында өтүп жаткан конференцияда адистер тажрыйба алмашат жана бул жаатта жетишилген ийгиликтер айтылат. Андан сырткары алдыда болушу күтүлгөн табигый кырсыктар учурунда адам өмүрүн сактап калууга багытталган заманбап каражаттар боюнча талкуулар болот.

Эл аралык конференция КМШ өлкөлөрүндөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан уюштурулган. Ал эртең жыйынтыкталат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кар көчкү, сел жана жер көчкү көбүрөөк катталат. Бул табият кырсыктары негизинен кыш, жаз айларында болот. (SE)

XS
SM
MD
LG