Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Баткенде кармалган тажик жарандары бошотулду


Баткен облусунун Ак-Чечек айылынын аймагында 1-сентябрда курал менен кармалган Тажикстандын төрт жараны бошотулду. Мындай маалыматты “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Раззаков тастыктады. Анын айтымында, кармалгандардын ишин УКМКнын облустагы башкармалыгы териштирди. Жыйынтыгында тажик жарандары Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген эмес деп табылып, аларды бошотуу чечими кабыл алынды:

- Булар куралчан эмес, аңчылыкта жүргөн адамдар экени аныкталды. УКМК муну териштирип, алар кылмыштуу аракет жасаган эмес деп бошотулду, - деп билдирди Раззаков

Буга чейин Чек ара кызматын Тажкистандын жарандарынын жанынан 5 даана алыска атуучу сайлуу мылтык табылганын, аларга мамлекеттик чек араны уруксатсыз кесип өтүп, жашыруун аңчылык кылып жатат деген айып тагылганын билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG