Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Башкы прокуратура Көлбаевдин сотко келбей жатканын териштирүүдө


Бул тууралуу Башкы прокуратураны маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Абжалиев кабарлады. Анын айтымында, бул ишти башкы прокурор өзү көзөмөлгө алып, териштирүү иштерин баштады.

Буга чейин ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев учурда №47 колонияда камактагы “кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү” атыккан Камчы Көлбаев кримчөйрөнү башкарып жатканын билдирип чыккан.

Былтыр декабрда Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Быйыл жазында соту башталып, териштирүү жүрүп жаткан. Бирок мындан эки ай мурун Бишкектеги №47 абакка которулуп, ден соолугу начарлады деген жүйө менен соту токтотулган болчу. (BkA\EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG