Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Баткенде энелердин жана балдардын өлүмү жогору


Баткен облусу энелердин жана балдардын өлүмү боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунда. Айрыкча бул көйгөй облустун алыскы айылдарында көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев парламентте билдирди.

Депутат бул пикирин Баткенге барып саламаттыкты сактоо тармагын көрүп келгени жана андан чыгарган тыянагы менен негиздеди. Маселени чечүү үчүн облуска комплекстүү түрдө мамлекеттик колдоо зарыл экендигин кошумчалады.

Буга чейин Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча парламенттик комиссия түзүлгөн. Анын мүчөсү катары Ташполот Балтабаевге облустагы саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү камтуу жана сунуштарды киргизүү милдеттери жүктөлгөн.

Депутат айтылган маселелер боюнча Өкмөткө тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG