Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Кыргыз парламенти Сирия маселеси боюнча АКШга кайрылышы мүмкүн


Сирияга аскердик чабуул жасоо планын Кыргызстан колдобой турганын билдирген сунушту Кыргыз парламенти АКШ сенатына жибериши мүмкүн. Мындай демилге бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу тарабынан парламенттеги жыйында айтылды. Депутаттар бул боюнча дагы бир талкуу өткөрүп, АКШга кайрылуу жөнөтүү же жөнөтпөө тууралуу бир чечимге келишет.

Бакир уулу бул демилгени Сириядагы мусулмандарга колдоо көрсөтүү максатында сунуштаганын “Азаттыкка” айтты.

АКШ президенти Барак Обама Сириянын баш калаасы Дамаскта 21-август күнү 1400дөн ашык кишинин өлүмүнө алып келген чабуулда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгон деген ишенимин билдирген жана ал жакка аскерий чабуул жасоо сунушун айткан.

АКШ Конгресси кийинки аптада Сириядагы аскер операциясын колдогон резолюция долбоорун талкуулап, аталган маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралуусу күтүлүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG