Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Кыргыз-тажик дарыгерлеринин жолугушуусу өтүүдө


Баткенде акыркы 22 жылдан бери биринчи жолу чек аралаш аймактын дарыгерлери тегерек үстөлгө чогулду. Иш-чарага Баткен облусунун бардык район-шаарларынын медициналык тейлөө мекемелеринин жетекчилери жана Тажикстандын Согди облусунан келген дарыгерлер катышууда. Жыйында чек аралаш аймакта калк саламаттыгына кам көрүүдө биргелешип аракеттенүү, тажрыйба алмашуу талкууланып жатат.

Иш-чара Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан колдоого алынган. Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын баш дарыгери Тургунбай Айжигитов “Азаттыкка” билдиргендей, иш-чаранын соңунда өз ара кызматташууну андан ары улантуу үчүн биргелешкен чечимдер кабыл алынат. (JsA)

XS
SM
MD
LG