Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

АКШ Сенатынын комитети Сирияда аскерий операция баштоого макулдук берди


Шаршембиде Сенаттын эл аралык алакалар боюнча комитети Сирияда аскерий операцияларды баштоого уруксат берген резолюцияны жактырды. Конгресс бул маселени кийинки аптада карайт. Сириядагы жаңжал Санкт-Петербургда өтчү Чоң жыйырманын жыйынында дагы каралат.

Резолюцияга ылайык, АКШ армиясы Сирияга кирбей туруп, 60 күн ичинде калкка каршы химиялык курал колдонгону үчүн Башар Асаддын режимин жазалоосу керек.

Кийинки аптада резолюцияны сенаттын толук курамы карап чыгат. Ал эми акыркы чечимди Эл өкүлдөр палатасы чыгарат. Ал ортодо президент Обама батыш өлкөлөрүнөн колдоо табууга аракеттенүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сенаттагы жыйын маалында Сирияда башталчу аскерий операцияга катышууга кеминде 10 өлкө макулдук бергенин айтып, бирок аларды атаган жок. Европада болсо Сириядагы операцияга катышууга Франция гана даярдыгын ачык билдирди.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен Кытай Сирияга аскерий сокку урууга каршы болуп келет. Президент Путин Асаддын бийлиги химиялык курал колдонгону так далилденгенде гана кандайдыр бир аскерий операция баштоого болорун айтты.

XS
SM
MD
LG