Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Санкт-Петербургда "Чоң жыйырманын" саммити башталат


"Чоң жыйырмага" кирген өлкө лидерлери экономикалык маселелерден башка дагы Сириядагы кырдаалды талкуулайт деп күтүлүүдө. Сирия боюнча маселе күн тартибине киргизилбесе да маселени талкуулоону эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөр сунуштаган. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жаңжалдын кесепетинен качкындардын саны өсүп жатканын көтөрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай, Жапония жана Италиянын лидерлери менен жолугат. Обама менен Путиндин сүйлөшүүсү пландалбаганын орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Экономикалык маселелерден болсо "Чоң жыйырманын" тарыхында биринчи жолу эл аралык каржы базарларын жөндөө талкууланат. Андан сырткары эл аралык салык мыйзамдары, жумушсуздук жана дүйнөдө экономикалык өнүгүү пландары да каралат.

XS
SM
MD
LG