Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Ушул айда Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт


Кыргызстанда сентябрдын ичинде күйүүчү майдын наркы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкулов кабарлады. Анын айтымында, баанын көтөрүлүшү Кыргызстанга алып келинген күйүүчү майдын баасынын кымбатташына байланыштуу болууда:

- Бизге күйүүчү май толугу менен Орусиядан алып келинет. Бул өлкөдө күйүүчү май кымбаттап жатат. Буга чейин августта 2 сом 30 тыйынга кымбаттады. Сентябрда 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.

Бирок Керимкулов күзгү оруп-жыйуу жана айдоо иштери маалында күйүүчү май тартыштыгы болбойт деп ишендирүүдө. Учурда Кыргызстандагы күйүүчү май кампаларында жетиштүү өлчөмдө бензин жана дизелдик отундун кору бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG