Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Бишкекте Индияга арналган сүрөт көргөзмөсү ачылат


Бүгүн Бишкектеги Эмен багында журналист Жамбы Жусубалиеванын “Жер жөнүндө ыр. Индиянын руху” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жамбы Жусубалиева өзү кабарлады.

Көргөзмөдө журналисттин Индияга сапары учурунда бул өлкөнүн калкынын турмушу, маданияты тууралуу тарткан 60 чакты сүрөтү коюлат. Ошондой эле Индия тууралуу тасманын үзүндүсү да көрсөтүлмөкчү.

Жусубалиеванын айтымында, бул көргөзмө атайын долбоордун алкагында уюштурулууда. Ага ылайык, ушул жылдын ичинде “Жер жөнүндө ыр” деген көргөзмөлөр сериясы көрөрмандарга тартууланууда. Буга чейин Кытай тууралуу көргөзмө өткөн. Мындан ары көргөзмөлөр Франция жана Орусияга арналмакчы.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG