Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

БШК төрагасын кызматтан алуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды


Мындай мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан. Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурдагы мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага жана орун басарларын кызматтан бошотуу жол-жобосу көрсөтүлбөй калган. Ошондуктан бул кемтикти толтуруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, Боршайкомдун төрагасын кызматтан алуу укугу Жогорку Кеңешке, БШК курамына жана күч органдарына берилет. Төраганын өз милдетин так аткарбай же мыйзам бузганы аныкталса, маселе парламентте каралат. Ошондой эле БШКнын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси ишеним көрсөтпөсө, төрага кызматтан кетүүгө мажбур болот.

Текебаев бул мыйзам сентябрдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн экенин кошумчалады. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG