Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Греция кайрадан каржы жардамына муктаж болушу ыктымал


Бул тууралуу евро мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлеринин башын бириктирген топтун жетекчиси Йерун Дийссельблум билдирди. Ал
Европа Парламентине “Греция туш болгон кыйынчылыктар 2014-жылга чейин улана берет” деп айтты. Греция 2009-жылдан бери каржылык каатчылыктан чыга албай келатат. Евромейкиндик боюнча өнөктөштөр жана Эл арарлык валюта кору бөлүп берген 316 млрд доллар жардам Афины өкмөтүнө чечкиндүү реформаларды ишке ашырууга өбөлгө түзгөн. Ошондой болсо да, шаршембиде Грециянын каржы министри Йаннис Стурнарас өлкөгө 2014-жылга чейин кошумча 13 млрд доллар керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG