Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

"Голос" уюмунун жетекчиси Орусиядан биротоло кеткенин төгүндөдү


Шайлоо процесстерине байкоо салган көз карандысыз “Голос” уюмунун жетекчиси Лилия Шибанова Орусиядан эмиграцияга кетти деген маалыматтарды төгүндөдү. “Ведомости” гезитине берген интервьюда ал Европадагы сапарынан Москвага кайтаарын тастыктады. Шибанова россиялык бейөкмөт уюмдарга чет өлкөдөгү булактардан финансылык жардам алууга уруксат берилет деп үмүттөнөөрүн кошумчалады. Буга чейин бир катар кабарларда Москвада жайгашкан “Голос” уюмунун жетекчиси Литвага кетип, ишин ошол жерден улантканы жатат деп айтылган. Июнда уюм “чет өлкөлүк агент” деген каттоодон өтүүдөн баш тарткандан кийин анын ишмердиги 6 айга токтотулган. Апрелде “Голос” жана анын лидерлери бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамга ылайык ири айып пул төлөөгө мажбур болгон. Шибанованын өнөктөшү Григорий Мелконянц билдиргенине караганда, “Голостун” тобу Норвегиядагы шайлоого байкоо салгандан кийин уюм жетекчиси Орусияга кайтып келет.

XS
SM
MD
LG