Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Тбилисиде жашыруун мыйзамсыз тасмалар жок кылынды


Тбилисиде Грузия жарандарынын сүйлөшүүлөрү жазылган аудио жана видеотасмалар жок кылынды. Мыйзамдуулугу күмөн туудурган 24 миңдей файлды жок кылуу акциясына ички иштер министри Ираклий Гарибашвили жетектеген атайын комиссиянын мүчөлөрү катышты. Материалдардын арасында белгилүү адамдардын, саясатчылардын жана журналисттердин жеке сүйлөшүүлөрү бар болчу. Алардын көбү президент Михаил Саакашвили бийликке келгенден кийинки учурда ички мекеме тарабынан жазылган. Тасмалар ушул июнда Грузиянын түштүгүндө курал кампасынан табылган. Саакашвилинин айтымында, курал-жаракты жашыруун кампаларга катуу буйругу 2008-жылы Орусия менен болгон кыска согуштан кийин берилген. Президент тасмаларга эч кандай тиешеси жоктугун ырастоодо. Грузия парламенти жакында соттор кимдир бирөөнү аңдуу же угуп турууга уруксатты оңой эле бирип турушкан деген тыянакка келди.

XS
SM
MD
LG