Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

“Жибек жолу жылдыздары” эл аралык фестивалы уланууда


“Жибек жолу жылдыздары” деп аталган алгачкы эл аралык музыка фестивалы Ысык-Көлдө уланууда. 3-сентябрда башталган фестивалдын алкагында тажрыбайлуу адистер жаш музыкант жана фотосүрөтчүлөр үчүн мастер-класстарды өтүп жатат.

Эртең иш-чара Бишкекте уланат. Улуттук филармонияда, Улуттук консерваторияда жана Улуттук музейде өтө турган иш-чарада Кыргызстандын президентине караштуу “Манас” камералык оркестри, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы симфониялык оркестрдин концерттери уюштурулат.

Фестивалды Кыргызстан жана Германиянын кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган “Лионс” клубу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG