Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Кыргыз-өзбек дипломаттары жолукту


Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Элдор Арипов менен Кыргызстан тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бишкекте жолукту.

Алар эки өлкөнүн мындан аркы саясий, экономикалык жана маданий карым-катышы жөнүндө сүйлөшүштү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө зарыл экенин белгилешти.

Андан сырткары Бишкекте өтүшү күтүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жолугушуусуна Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун катышуусу жөнүндө талкуу кылышты. Бирок анын натыйжасы маалымдала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG