Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

ШКУну чагылдырганга 350 чет өлкөлүк журналист келет


Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк 350 журналист келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 67 мамлекеттен журналисттер уруксат алды. Алардын катарында Орусия, Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити Бишкекте 13-сентябрда өтөт. Уюмга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG