Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Баткен: окко учкандардын жаш курагы такталды


Баткендин Кара-Булак айылында кечээ түнү киши колдуу болгондордун жаш курагы такталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, тирүү калган үй ээсинин аты-жөнү Тажибай Эралиев - 54 жашта.

Анын 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси ок тийип, көз жумган. 3 жаштагы небере кызы үйдүн ичинде болгондуктан аман калган.

Тажибай Эралиев оор абалда бейтапканада жатат. Ал ишкерлик менен алектенген.

Милициянын божомолунда, кылмышты уурулук кылуу максаты менен келгендер жасаган болушу мүмкүн. Анткени, милиция келген учурда үйдүн ичи чачылган абалда болгон. Ок кандай куралдан атылганы боюнча азырынча так маалымат айтыла элек. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG