Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Сирия боюнча талкуу “Чоң жыйырманын” лидерлерин эки жаатка бөлдү


Саммиттин биринчи күнүндө дүйнө лидерлери Сирия боюнча мунаса таба алышпады, 5-сентябрь, 2013

Саммиттин биринчи күнүндө дүйнө лидерлери Сирия боюнча мунаса таба алышпады, 5-сентябрь, 2013

Кечээ саммиттин биринчи күнү кечки тамактагы талкууда дүйнөнүн өнүккөн 20 өлкөсүнүн башчылары Сирия боюнча орток пикирге келе алышкан жок. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков журналисттерге сүйлөп, саммитке келген лидерлер Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна кантип жооп кайтаруу керектиги боюнча “тең экиге бөлүнүп” жатышканын айтты.

АКШнын президенти Барак Обама “21-августта Дамаскинин четинде элге каршы химиялык куралды өкмөттүк күчтөр колдонду” деп билет жана ага каршы аскерий чабуул коюш керек деген позицияны карманууда. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин урусатысыз жасалчу кандай гана чара болбосун, ал “эл аралык мыйзамдарды бузгандык болот” деп билдирген.

АКШнын ошол Коопсуздук кеңештеги элчиси Саманта Пауэр кечээ Орусияны Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирия боюнча маселеде “барымтада” кармап турат деп айыптады.

"Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык нормалардын карасанатайлык менен бузулуп жатышына карабай, Орусия азыркыга чейин Коопсуздук кеңешин барымтада кармап, өзүнүн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткарбай келатат", - деп Пауэр “Орусия кеңештин чечимдерине вето салып жатканын” кыйытты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG