Унаа кырсыгынан улам Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы Нертегин Абдиназаровдун сөөгү бүгүн табылды. Окуя 4-сентябрда болгон. Бишкек-Ош жолунун 402-чакырымында “Хонда-Степ-Вагон” унаасы Кара-Көл шаарына жакын аймакта жол четиндеги дарыяга түшүп кеткен. Натыйжада 6 адам каза болуп, экөө жараат алган.
Куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жүргүздү. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, соңку жарым айда Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 18 адам каза тапты. (SE)
Куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жүргүздү. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, соңку жарым айда Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 18 адам каза тапты. (SE)