Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Сирия боюнча дүйнө лидерлери экиге бөлүндү


Чоң жыйырманын саммитине чогулгандар. 6-сентябрь, 2013-жыл.
Чоң жыйырманын саммитине чогулгандар. 6-сентябрь, 2013-жыл.

Санкт-Петербургда аяктап жаткан Чоң жыйырманын саммитинде эл аралык экономикалык маселелер Сириядагы чатактын көлөкөсүндө калды. Сириядагы жагдайды жөнгө салуу туурасында дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө лидерлери эки башка пикирде. Эксперттер аскердик кийлигишүү аягы барып Сирияда узак мөөнөттүү жарандык согушка айланышы мүмкүн деп эскертүүдө.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, дүйнөдөгү өнүккөн он өлкөнүн лидерлери Сириядагы чыр-чатакты аскердик операция баштап токтотуу керек деп эсептесе, калган ону ага караманча каршы.

Санкт-Петербургдагы саммитке катышып жаткан АКШ президенти Барак Обама 21-август күнү 1 жарым миңдей кишинин өмүрүн алган чабуул үчүн Сирия өкмөтүн куралдуу сокку менен жазалоо керек деп ишенет.

Орусия президенти Владимир Путин болсо Улуттар уюму уруксат бермейинче, Сирияда курал колдонуу “чет элдик баскынчылык” болуп эсептелет деп басым жасоодо. Атүгүл Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жума күнү билдирүү таратып, Кошмо Штаттарды Сириянын химиялык куралдар арсеналын бутага алуудан этият болууга үндөдү. Ага жооп иретинде АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэр Орусия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирия маселесинде барымтага алды деп сыпаттады:

- Химиялык куралды колдонуу боюнча эл аралык нормалар бузулганы тууралуу кашкайган фактылар турса да, Орусия Коопсуздук кеңешин барымтага алып, эл аралык милдеттенмелерди жокко чыгарууда. Баарыбыз жана биринчи кезекте Сирия калкы дүйнөдөгү опурталдуу маселелерге келгенде, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши биз күткөндөй кадамдарга бара албасын көргөздү.

Орусия, Кытай, Европа Биримдиги, аларга кошулуп Бразилия, Индия жана Түштүк Африка Сириядагы ыктымал аскердик операцияга каршы пикирин билдиришти. Аскердик кийлигишүү дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизип, мунайдын баасын көтөрүп жибериши мүмкүн экени айтылды. Американын өзүндө эксперттер куралдуу кийлигишүүнүн арты кандай болот деген маселени кызуу талкуулап жаткан чак.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Конгрессте эгерде Кошмо Штаттар мизин кайтарбаса, Сириянын президенти Башар Асад химиялык куралды дагы колдонот деп ишенээрин кайталады. Эксперттер Обама Конгресстен колдоо таап, Сирия өкмөтүнө каршы аскердик операция баштаса, ал жактагы прогрессивдүү оппозиция жеңишке жетип, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачышы мүмкүн экенин, бирок ага эч кандай кепилдик жок экенин айтышат.

Регионалдык коопсуздукка адистешкен байкоочулар Сирияда азыркы бийликке каршы күрөшүп келаткан козголоңчулар ар башка күчтөрдүн кошулмасы экенин, Ассад бийликтен кулатылса, "ал-Каида" менен канатташ Ал-Нусра Майданы исламчыл кыймылы элди башкарып, сириялык башка күчтөр аргасыз узак мөөнөттүү жарандык күрөшкө кириптер болот деп эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG